1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.

Бул күн №17-кесиптик лицейде да белгиленип, өндүрүштүк окутуунун устаты Чаргынова Гүлжан Кошуевна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн отличниги төш белгисин, окуу-усулдук жана өндүрүштүк иштери боюнча директордун орун басары Жанызакова Манзрат Эргашовна Ардак грамотасын алышты.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин отличниги төш белгисин окуу өндүрүшүнүн устаттары Жусупбекова Чынара Жусупбековна, Азизова Гульмира, агенттиктин Ардак Грамотасын окуу өндүрүшүнүн устаты Апасова Бейшекан Нуридиновна, технология мугалими Беспалова Екатерина Анатольевна алышты.

Мындан сырткары Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын Ардак грамотасын бөлүм башчы Акымбаева Таарындык Асанбаевна, Ыраазычылык катын жатакана башчысы Алыкулова Тамара Акматбековна алышты.

№17-кесиптик лицейинин Ардак грамотасын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саттарова Турсунай Мирбековна, аскерге чейинки даярдоо боюнча мугалим Умурбекова Жаңыл Калмырзаевна, слесарь-оңдоочу Алтынбек уулу Таир, кароолчу Нуралиев Ханкел Кадырович жана тазалоочу Боромбаева Батышайым Раимбековна алышты.

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Kyrgyz KY Russian RU