23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. 

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот.

№17-кесиптик лицейинде да жыл сайын концерттик программалар,окуучулар арасында көркөм окуу,дил баян жазуу,сүрөт тартуу боюнча сынак жарыяланып келет. Ал эми устаттар класстык сааттарды өтүп келишет. Быйыл пандемияга байланыштуу,төмөнкүдөй план түзүлүп, онлайн тартибинде өткөрүлдү.

№17-кесиптик лицейдин 23-сентябрь-Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата өткөрүлүүчү «Улут наркы-улуу тил» майрамдык иш-чаранын  планы

Аткарылуучу иштин темасыТайпаӨткөрүлүүчү күнүЖооптууАткарылуу тиби
1Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата класстык сааттар  Саттарова Т.М. 
1.1Улут наркы-улуу тилПсУК 1-2, 2021.09.2020Кадыралиева И.К.Класстык саат
1.2Эне-тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтанШ 3-4,2018.09.2020Кайгельдиева М.М.Класстык саат
1.3Эне-тилдин ээси- элШ 5-6,2017.09.2020Чаргынова Г.К.Класстык саат
1.4Элди эл кылып турган-анын тилиШ 7-8,2016.09.2020Азизова Г.Класстык саат
1.5Тили жоголгон журттун өзү да жоголотШ 9-10,2022.09.2020Жумабекова М.Класстык саат
1.6Элимдин эртеңи-эне тилиндеШ 11-12,2015.09.2020Мамбетова А.А.Класстык саат
1.7Эл менен алга карай басат тилимШ 13-14,2014.09.2020Апасова Б.Н.Класстык саат
1.8«Эне-тилим-эне сүтүм»ДПЛ 15-16,2021.09.2020Темирболот к Ж.Класстык саат
1.9Тилиң барда дүйнөнү кезсен болот, ким экениң өзүңдү сезсең болотДПВ 17-18,2013.09.-23.09.2020Жакыпбаева Ж.Б.Класстык саат
1.10Тил-илим менен билимге көпүрөПВ 19-20,2018.09.2020Лиликова Ж.В.Класстык саат
1.11Тил-ойдун сандыгыПВ 21-22,2022.09.2020Тажыбай к АдинаКласстык саат
1.12Эң жакшы класстык сааттарды лицейдин сайтына жана ютуб каналына жайгаштыруу. 23.09.Саттарова Т.М. 
2«Эне-тил» деген темада көркөм окуу.Жеңүүчүлөрдү лицейдин сайтына жана ютуб каналына жайгаштырууБардык тайпалар22.09.2020УстаттарКөркөм окуу
3«Улут наркы-улуу тил» аттуу темада дил баян жазуу.Эң жакшы дил баяндарды лицейдин сайтына жайгаштыруу.Бардык тайпалар14.09.-22.09.2020Дунганаева Б.У. Устаттар  Дил баян
4«Мамлекеттик тилге 31 жыл» аттуу темада сүрөт тартуу.Эң мыкты тартылган сүрөттөрдү лицейдин сайтына жайгаштыруу.Бардык тайпалар14.09.-22.09.2020Устаттар  Сүрөттөр
5«Кыргыз тилинде сүйлөйбүз» аттуу акция 20.09.-23.09.2020Жалпы эмгек жамаатыАкция

Жыйынтыгында, көркөм окуу боюнча I орунду ПВ 17-18 тайпасынын окуучусу Абазбекова Айчүрөк, II орунду ПсУК 1-2 тайпасынын окуучусу Мырзалиева Гүлжан, III орунду ПВ 17-18 тайпасынын окуучусу Даниярбек кызы Айтгүл ээледи.

Дил баян жазуу боюнча I орунду Ш 9-10 тайпасынын окуучусу Асекова Алия, II орунду ПВ 17-18 тайпасынын окуучусу Таалайбек кызы Маиза, III орунду Насырова Гулиза ээледи. Ал эми сүрөт тартуу боюнча I орунду ПсУК тайпасы, II орунду Ш 13-14 тайпасы, III орунду ПВ 17-18 тайпасы ээледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *