9-сентябрь-Комуз күнү. Комуз — кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча дагы бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталат. Комуз баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепке, үч кулак, үч кылдан турат. Аспаптын жалпы узундугу болжол менен 90 сантиметрдей, туурасынын эң жазы жери 19,5 — 22,5 сантиметрге жетет. Комуздун жаны — жыгач жана кыл. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу деп эсептелет.

2019-жылдын июль айында президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин жарлыгынын негизинде комуз күнү белгиленип келе жатат.

Комуз бөлүктөрү

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

Kyrgyz KY Russian RU